Бишкек: мектеп директорунун сынагына катышкандардын 62% босого баллдан өттү

Бишкекте мектеп директорлугу үчүн сынакка катышкан 129 талапкердин 62 пайызы же 79у босого баллдан өттү. Билим берүүнүн сапатын баалоо борборунун жетекчиси Бактыгүл Шамшидинованын «Азаттыкка» айтымында, айрым мектептердин директорлук кызматы үчүн 8-10 талапкер атаандаш болду. Талапкерлер 61 бош орун үчүн күч сынашкан. Республика боюнча директор тандоо… Кененирээк…

Өлкөдө жаңы футбол стадионун курууга даярдык иштери башталды

Мамлекеттик курулуш агенттиги жаңы футболдук стадиондун курулушуна даярдык көрө баштады. Учурда коргоочу жана жер үстүндөгү конструкцияларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, адистер объектти куруунун варианттарын, анын ичинде чет элдик инвестицияларды тартуу менен карап жатышат. Эске салсак, стадион Чүй облусунун Орок айыл аймагына жайгашат. Ал… Кененирээк…

Сентябрь айы жылуу жана жаан-чачындуу болот

Сентябрь айы жылуу жана жаан-чачындуу болот. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, орточо температура климаттык нормага жакын болушу күтүлөт. Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +4 градустан 18 градуска чейин, күндүз 19…35 градуска чейин өзгөрүп турат. Жаан-чачындын көлөмү нормадан бир аз жогору болушу мүмкүн. Ал негизинен айдын экинчи декадасында… Кененирээк…

Мектеп директорлорун сынактык тандоо 1-ноябрга чейин аяктайт

Мектеп директорлорун сынактык тандоо 1-ноябрга чейин аяктайт. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ага чейин бардык окуу жайлардын жетекчилери бекитилет. Талапкерлер төмөн балл алган мектептерде кайра тандоо 20-сентябрдан 30-сентябрга чейин өткөрүлөт. Жаңы жетекчилер дайындалганга чейин айрым мектептерди мурдагы директорлор жетектеп, бирок милдетин аткаруучу статусунда болот. Эске салсак,… Кененирээк…

Кыргызстанда инфляция кайрадан тездеп 15 пайыздан ашты

Кыргызстанда инфляция кайрадан тездеп 15 пайыздан ашты. Улуттук банктан такташкандай, июль айында бул көрсөткүч 14 пайызга жакын болчу. Маалыматка ылайык, жылдын жай айында сезондук дефляциянын жок болушу сакталып турган инфляциялык басымдын негизги көрсөткүчү болуп саналат. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен ишендиришкендей, учурда дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы… Кененирээк…

Калктын бактылуулук деңгээлинде Кыргызстан быйыл 64-орунду ээледи

Калктын бактылуулук деңгээлинде Кыргызстан быйыл 146 мамлекеттин ичинен 64-орунду ээледи. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун тапшырыгы менен эл аралык изилдөө борборунун талдоочулары даярдаган изилдөөдө белгилүү болду. Иликтөөнүн авторлорунун айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен бактылуулуктун эң жогорку деңгээли Казакстанда катталып, ал 40-орунда турат. Ал эми рейтингдин… Кененирээк…

Бузулган көзөмөл-кассалык аппаратты колдонуу үчүн айып пул салынат

Бузулган көзөмөл-кассалык аппаратты колдонуу үчүн айып пул салынат. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, жеке адамдар үчүн айыптын суммасы үч миң, юридикалык жактар ​​үчүн 13 миң сомду түзөт. Ведомстводон белгилешкендей, эгер ККМ операцияларды аткарбаса, каталар менен басып чыгарса же салык органына реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды бербесе,… Кененирээк…

Өлкөдө дизелдин баасы рекорддук деңгээлге жетти

Өлкөдө дизелдин баасы рекорддук деңгээлге жетти. Май куюучу жайларда литри дээрлик 74 сом турат. Жыл башынан бери баа төрт эсе кымбаттады. Мунай ташуучулар ассоциациясы мунун себебин негизги жеткирүүчүлөр болгон россиялык заводдор экспорттун көлөмүн азайтып, айрымдары оңдоо иштерине жабылып калганы менен түшүнүрүүдө. Ал эми азыркы баага… Кененирээк…

Жаңы окуу жылынан тарта окуучулар диндер тарыхын окуп баштайт

Жаңы окуу жылынан тарта окуучулар диндер тарыхын окуп баштайт. Жаңы предмет тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.   “Дин маданияты тарыхы сабагы кирди. 9-класстан баштап кирип атат. Адам жана коом предметинин алкагында. Негизи предметтин максаты – дүйнөлүк диндер боюнча окуучуларга… Кененирээк…

Ошто майрам күндөрү коомдук коопсуздукту 1 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Ошто майрам күндөрү коомдук коопсуздукту 1 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Андан такташкандай, өздүк курам толугу менен кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Өзгөчө көңүл базарларга, парктарга жана башка эл көп чогулган жерлерге бөлүнөт.