Кыргызстан өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарды сыйлоо аземи бүгүн Ала-Арча резиденциясында өтөт

Кыргызстан өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарды сыйлоо аземи бүгүн Ала-Арча резиденциясында өтөт. Салтанаттуу иш-чарага өзгөчө эмгеги үчүн ар кыл тармактын өкүлдөрү катышат.   Тизмеде коомдук жана саясий ишмерлер, ишкерлер, искусство адамдары жана башкалар бар.   Сыйлыктар социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, кесиптик… Кененирээк…

Бишкекте жумуш издегендер үчүн кезектеги жарманке өтөт

Бишкекте жумуш издегендер үчүн кезектеги жарманке өтөт. Бул тууралуу ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Дина Анарбаева билдирди. Анын айтымында, жарманке октябрь айына белгиленди.   Иш-чарада жеке компаниялардын ээлери иш издегендерге бош орундарды сунуштайт. Адатта миңдеген вакансия кездешет.

Япония өкмөтү Кыргызстандын 100 мектебине компьютердик жабдууларды тапшырат

Япония өкмөтү Кыргызстандын 100 мектебине компьютердик жабдууларды тапшырат. Техника 600 миң долларга бааланат. Каражат балдарды сапаттуу билим берүү менен камсыздоо долбоорунун алкагында берилиши күтүлүүдө.   Дагы  460 мектепке коронавирус жайылышын алдын алуу максатында 800 миң долларлык дезинфекциялык каражаттар, термометрлер жана кол кургатуучу шаймандар берилет.

Кыргызстанда райондук кеңештер түзүлөт

Кыргызстанда райондук кеңештер түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, райондук кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби жана ыйгарым укуктары тууралуу убактылуу жобо бекитилет.   Ал  2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Жалпысынан 40 райондо 1 миң 297 депутат шайланары күтүлүүдө. Бир кеңеште райондогу калктын… Кененирээк…

Түштүк Кореяда гаджеттерди 30 метр аралыкта кубаттай турган жабдуу чыгарылды

Түштүк Кореяда гаджеттерди 30 метр аралыкта кубаттай турган жабдуу чыгарылды. Аны менен зым колдонулбайт. Система эки бөлүктөн турат. Биринчиси – передатчик, ал инфра кылыз нур чыгарат. Экинчи бөлүк – приемник.   Анда энергия берүүдө кубаттоочу жабдуунун натыйжалуулугун жогорулатат. Жаңычылдык сатыкка качан чыгат, азырынча белгисиз.

Улуттук наркты сактоо боюнча программа бекитилди

Мамлекет башчы Садыр Жапаров «Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө 2022–2027-жылдарга улуттук программаны бекитүү тууралуу» жарлыкка кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди. «Улуттук нарк – ааламдашуу менен санариптештирүүгө карабастан, кадыр-баркты жана ар намысты, айкөлдүктү жана адилеттүүлүктү, абийирди, боорукердикти сактаган жана талыкпай эмгектенген көчмөн жоокердин улуу… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы бүгүн өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы бүгүн өчүрүлөт.   “Чүй электр тармактарынан” билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Юнусалиев, Ахунбаев, Беларусь, Койбагаров, Айни, Жунусалиев, Жаманбаев, Шота Руставели, Лев Толстой көчөлөрүндө, 4-кичи райондо жана Көлмө конушунда жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Жогорку окуу жайларда студенттик долбоорлор үчүн бизнес-инкубаторлор ачылды

Жогорку окуу жайларда студенттик долбоорлор үчүн бизнес-инкубаторлор ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурга карата мындай жаңычылдык өлкөнүн 20дан ашык жогорку окуу жайында пайда болду.   Алардын максаты — креативдүү экономиканы өнүктүрүү, ишкерликти колдоо жана жаштардын стартап долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк… Кененирээк…

Бишкекте балдардын тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу башталды

Бишкекте балдардын тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Капсула салуу аземине президент Садыр Жапаров катышты.   Өлкө башчы администрациясынан билдиришкендей, балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөт. Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясынын… Кененирээк…