Испанияда пандемиядан бери биринчи жолу помидор күрөшү фестивалы өттү

Испанияда пандемиядан бери биринчи жолу атактуу помидор күрөшү фестивалы өттү.

Иш-чарага дүйнөнүн төрт бурчунан 20 миңдей адам катышып, ар бири помидор ыргытуу мүмкүнчүлүгү үчүн 12 евродон төлөшкөн.

Уюштуруучулар көчөгө 130 тонна жашылча түшүрүштү.

Ал эми катышуучулар көздөрүн коргоо үчүн көз айнек тагынышты.

Бир саатка созулган «салгылашуудан» кийин дароо шаардын көчөлөрү жана катышуучулар шлангдардан тазаланды.