Бишкекте жумушсуз жарандар акысыз айдоочулук курстарга кабыл алынат.
Шаардык ишке орноштуруу башкармалыгынан билдиришкендей, эмгек рыногунда айдоочуларга суроо-талап көп.
Алар таксист гана эмес, соода агенти, курьер болуп да иштей алышат.
Курстарга жазылуу үчүн жарандар райондук жумушсуздарды каттоо бөлүмүнө кайрылуулары керек.