Саламаттык сактоо министрлиги биринчи керектөөдөгү дары-дармектердин жарым жылдык корун толуктайт

Жыл аягына чейин Саламаттык сактоо министрлиги биринчи керектөөдөгү дары-дармектердин жарым жылдык корун толуктайт.

Бул тууралуу мекеме жетекчисинин орун басары Улан Садыков билдирди.

Анын айтымында, мындай дарыларды сатып алуу өзгөчө даярдыкты талап кылат.

Учурда жеткирүү процесси жолго коюлган.

Атап айтканда, инсулиндин жана онкология менен ооруган адамдар үчүн дары-дармектердин чоң партиясы келди.

Чиновник ошондой эле дарыларды чет өлкөгө алып чыгууга көзөмөл күчөтүлөөрүн белгиледи.