Кыргызстанда ун жана дан жеминин таңсыктыгы күтүлбөйт

Кыргызстанда ун жана дан жеминин таңсыктыгы күтүлбөйт.

Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, калктын буудайга болгон жылдык керектөөсү бүгүнкү күндө дээрлик 770 миң тоннаны түзөт.

Чиновник кошумчалагандай, жетишпеген бөлүгү Казакстан менен Россиядан алынып келинет.

Эске салсак, 23-августта Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги буудайды ЕАЭБдин аймагынан сыртка чыгарууга жарым жылга тыюу салуу демилгесин көтөргөн.

Токтом долбоору азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана базардагы бааларды турукташтырууга багытталган.