Чет элдик ишкерлер үчүн салык режимин тандоо боюнча нускама иштелип чыкты

Экономика министрлиги чет элдик ишкерлер үчүн салык режимин тандоо боюнча нускама иштеп чыкты.

Документти даярдоо зарылдыгы өлкөдө юридикалык жактардын саны өсүп, чет элдик адистердин келиши көбөйүп жаткандыгы менен байланыштуу болгон.

Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнү каалаган, мыйзамды сыйлаган чет элдиктер мамлекеттик органдар тарабынан ар тараптуу колдоого алынышы керектиги айтылды.

Колдонмо мекеменин сайтында жеткиликтүү.