Россиянын эң бай ишкерлеринин байлыгы дээрлик 54 млрд долларга азайды

Жыл башынан бери Россиянын эң бай ишкерлеринин байлыгы дээрлик 54 миллиард долларга азайды.

Эң көп жоготуу тоо кен тармагындагы ишкер Алексей Мордашовдо байкалды.

Анын байлыгы жыл башынан бери дээрлик 8 миллиард долларга кыскарды.

Жоготуулар боюнча экинчи орунда Роман Абрамович турат.

Ал 2022-жылдын башынан бери 7 миллиарддан ашык долларга чыгым болду.

Металлургия менен алектенген Владимир Лисиндин байлыгы 6 миллиард долларга төмөндөдү.