Улуттук банктын төрагасынын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты Улуттук банк “Акчабарга” тастыктады. Маалым болгондой, буйрукка 2022-жылдын 30-августунда кол коюлган. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Акчабарга” берген маалыматына караганда, ал өз арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Нурбек Жеңиш бул кызматты 2014-жылдын… Кененирээк…

“Абдыш-Ата” клубу футбол боюнча Кыргызстандын кубогуна ээ болду

“Абдыш-Ата” клубу футбол боюнча Кыргызстандын кубогуна ээ болду. Оюн кечээ Бишкекте өттү. “Абдыш-Ата” “Нефтчинин” футболчуларын 1:0 эсебинде жеңди.  26-мүнөттө жалгыз голду Атай Жумашев киргизди.   Кант шаарынын клубу муну менен кубокту бешинчи ирет багындырып, АФК Кубогуна жолдомо алды.

Кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрүү пункту убактылуу жабылат

Бүгүн, 2-сентябрда, кыргыз-казак чек арасындагы айрым өткөрүү пунктулары убактылуу жабыларын УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди. Ага ылайык, бекеттерде тышкы миграцияны эсепке алуу боюнча бирдиктүү системанын техникалык базасын жаңылоо иштери жүрөт. Мындан улам төмөнкү өткөрүү пунктулары жабык болот: Саат 11:00дөн 13:00гө чейин «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пункту; Саат… Кененирээк…

УКМК өз кызматкерлери үчүн Таласта үй куруп берет

УКМК өз кызматкерлери үчүн Таласта үй куруп берет. Тендер жарыяланганы тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында пайда болду. Ага ылайык, бул максатта 91 миллион 377 миң сом бөлүнөт.   Үй 5 кабаттан туруп, анда бардык коммуникациялык шарттар каралышы керек. Эске салсак, 25-августта Бишкекте УКМК кызматкерлерине… Кененирээк…

Соңку сегиз айда 100 миллиардга жакын сом салык чогулду

Мамлекеттик салык кызматынын билдиришинче, жыл башынан берки сегиз айда чогулган салык 100 миллиарддай сом болду жана берилген план дээрлик 1,5 миллиард сомго ашык аткарылды. Мекеме тараткан маалыматта, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 33 миллиард 829,4 миллион сомго көп жыйналганы тактап айтканда, өсүү ыргагы 151,2 %… Кененирээк…

Мектеп окуучусу үчүн идеалдуу суусундук — какао

Мектеп окуучусу үчүн идеалдуу суусундук — какао. Адистердин айтымында, баланын таңкы тамагы тоюмдуу болуп, ысык тамактан турушу керек. Ал эми суусундук катары ага какао сунуштаган жакшы.   Анын ордуна ысык чай дагы болот.   Россиялык эксперттердин маалыматына ылайык, мектеп окуучусу күнүнө 5 жолу,   4-5 саат… Кененирээк…

Чоң-Алай районунда памир кыргыздары үчүн айыл курууга 70 гектар жер бөлүндү

Чоң-Алай районунда памир кыргыздары үчүн айыл курууга 70 гектар жер бөлүндү. Кийинки жылы баштала турган курулуш иштерине мамлекеттк бюджеттен 300 миллион сом бөлүнөт.   Эске салсак, жакынкы 2-3 жылда Чоң-Алай районуна  1,5 миң памир кыргыздарын же 400 үй-бүлөнү көчүрүү пландалып жатат.

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13 миллиард 297 миллион кубометрге жетти

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13 миллиард 297 миллион кубометрге жетти. 2-сентябрга карата маалымат менен “Электр станциялары” ишканасы бөлүштү.   Андан такташкандай, учурда башкы резервуарга секундасына  364 кубометр суу кирип жатса, чыгышы – 201 кубга барабар. Эске салсак, Кыргызстанда суунун аз келүү мезгили уланууда. Адистер… Кененирээк…

Кыргызстанда 5-сентябрдан тарта ири рейддер башталат

Кыргызстанда 5-сентябрдан тарта ири рейддер башталат. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, салык органдарынын кызматкерлери транспорт жана турак-жайга салык төлөбөгөн жарандарды аныктайт.   Белгилеп кетсек, аталган категорияларга салык төлөө мөөнөтү кечээ соңуна чыкты. Жетишпей калгандарга айып салынат – физикалык жактарга 1 миң сомдон, юридикалык жактарга 5… Кененирээк…

Теннеси штатынын тургуну Лулу аттуу итине 5 миллион доллар мурас катары калтырды

Теннеси штатынын тургуну Лулу аттуу итине 5 миллион доллар мурас катары калтырды.  Өткөн жылы көз жумган ийгиликтүү бизнесмен Билл Доррис үйлөнгөн эмес жана балдары жок.   Жакшы көргөн итин ал Марта Бертон аттуу аялга калтырууга аргасыз болгон. Бирок жаныбарды багууга 5 миллион доллар жазып берген.… Кененирээк…