Алдын ала эсептөөлөр менен тажик аскерлеринин Кыргызстанга кол салуусунан 1,5 миллиард сомго зыян келтирилди

Алдын ала эсептөөлөр менен тажик аскерлеринин Кыргызстанга кол салуусунан 1,5 миллиард сомго зыян келтирилди. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

 

Анын айтымында, бул акыркы сумма эмес, жеринде тактоо иштери уланууда. Кошумчалап кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсептөөлөрүнө ылайык, 282 үй, 3 стратегиялык объект, 9 социалдык объект жана  300 чарба курулуштары талкаланды. Андан тышкары, 9 унаа өрттөнгөн.