Тажик тараптын куралдуу кол салуусу учурунда жабылган жолдордун бардыгы ачылды

Тажик тараптын куралдуу кол салуусу учурунда жабылган жолдордун бардыгы ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Баткен облустук Жол чарбачылыгы департаментинин кызматкерлери Тажикстандын аскерлери жардырган көпүрө жайгашкан Көк-Таш – Ак-Сай унаа жолунун 7-чакырымына барып, изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Жакынкы арада көпүрөнү кайра калыбына келтирүү боюнча жумуштар башталат.