Баткен облусунун Раззаков шаарында аэропорт кадимки тартипте иштеп жатат

Баткен облусунун Раззаков шаарында аэропорт кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров билдирди.

 

Анын айтымында, жаңжал учурунда аэровокзал жабыркаган жок, штаттык режимде каттамдарды кабыл алып, жөнөтүүдө. Чиновник белгилегендей, жалпысынан кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар учурунда өлкө аэропортторунда каттамдар үзгүлтүккө учураган жок.