Баткен облусундагы куралдуу жаңжалга байланыштуу бюджеттен 497 миллион сом бөлүндү

Баткен облусундагы куралдуу жаңжалга байланыштуу бюджеттен 497 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшекеева билдирди.   Анын айтымында, каражат жарандарды коопсуз жерге көчүрүүгө, аларды тамак-аш жана дары-дармек менен камсыздоого багытталат. Эске салсак,  16-сентябрдын таңында кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу башталып, Лейлек,… Кененирээк…

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мектеп директорлорун тандоо боюнча сынак белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында мектеп директорлорун тандоо боюнча сынак белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бул чек арадагы кырдаалга байланыштуу.   Сынакты өткөрүү убактысы кийин жарыяланат. Эске салсак, Баткенде тандоо сынагынын экинчи этабы 21-сентябрда, Жалал-Абадда 21-22-сентябрда жана Ош облусунда 23-24-сентябрда өтмөк.

Баткен облусунун чектеш аймактарынан жалпысынан 136 миң 770 адам эвакуацияланды

Баткен облусунун чектеш аймактарынан жалпысынан 136 миң 770 адам эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алардын бир бөлүгү убактылуу түйүндөрдө жаткырылса, калгандары башка региондорго чыгарылды.   Ошондой эле куткаруучулар Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынын жашоочуларын коопсуз жерге көчүрдү. Алар Оштун билим берүү мекемелеринде жана убактылуу… Кененирээк…

Баткен облусундагы жаңжалдан 8 мектеп жана 1 бала бакча талкаланды

Баткен облусундагы жаңжалдан 8 мектеп жана 1 бала бакча талкаланды.   Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, имараттарда терезелер кагылган, чатыр талкаланып, окуу инвентары толугу менен жок кылынган.   Жабыркаган мугалимдер дагы бар, алар учурда дарыланып жатат. Жусупбекова белгилегендей,… Кененирээк…

Чек арадагы куралдуу жаңжалдан 600 объект талкаланды

Чек арадагы куралдуу жаңжалдан 600 объект талкаланды.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Бакытбек Чамашев билдирди. Анын айтымында, атайын комиссия кечээтен бери Баткен облусунда келтирилген зыянды эсептеп жатат.   Азыркы тапка алынган маалымат боюнча 282 үй, 3 стратегиялык объект, 9 социалдык объект жана 300… Кененирээк…

Чек арада жабыркагандарга эсеп ачылды

Баткенде чек арадагы кагылышууда жабыркагандарга акчалай жардам берүү үчүн бирдиктүү эсеп ачылганын ӨКМ кабарлады. Учурда өлкөнүн жер-жерлеринде гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу атайын түйүндөр ачылды. «Сиздерден жардамдарды кабыл алуу түйүндөрүнө тез бузулуп кетүүчү тамак-аш, азык-түлүк топтомдорун тапшырбоону өтүнөбүз. Кыска убакытта бузулуучу тамак-аштын ордуна акчалай түрдө жардам… Кененирээк…

Баткен облусунда жабыркагандар үчүн кан тапшыруу уланууда

Бишкектеги Республикалык кан борборунда Баткен облусунда жабыркагандар үчүн кан тапшыруу уланууда. Дем алыш күндөрү кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга 235 литр донордук кан чогултулду. Белгилегендей, кан борбору күчөтүлгөн режимде ишин улантууда.

Баткенде зыян тарткан мектептерде окуу мүмкүн эмес

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам Баткенде ондогон мектеп жабык турат. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдиргендей, Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш аймактарында жайгашкан 26 мектеп, 30 бала бакча, Баткен районундагы сегиз мектеп жана бир бала бакчада, Баткен шаарындагы бардык… Кененирээк…

Баткен облусун жарык менен камсыздоо боюнча активдүү иштер башталды

Баткен облусун жарык менен камсыздоо боюнча активдүү иштер башталды. Маалыматты Novosti.kgге Улуттук энергохолдинг ишканасынын басма сөз кызматынан тастыкташты. Белгиленгендей, 32 конушта 8 миңден ашык үй электр энергиясыз калган. Эске салсак, Баткен облусунун инфраструктурасы Тажикстандын куралдуу кол салуусунун натыйжасында жабыркаган.

Баткен облусунун бардык жолдору унаа кыймылы үчүн ачык

Баткен облусунун аймагында тажик аскерлеринин басып кириши маалында убактылуу жабылган бардык жолдор эми унаалар үчүн ачык. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жол чарба башкармалыгынын Баткен облусу боюнча өкүлдөрү бүгүн Көк-Таш-Ак–Сай унаа жолунун 7-чакырымында тажик аскерлери жардырган көпүрөнү текшерүү… Кененирээк…