Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Тынчтыкка каршы кылмыштар” беренеси боюнча иш козгоду

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы “Тынчтыкка каршы кылмыштар” беренеси боюнча иш козгоду. Бул тууралуу учурда Баткен облусунда тергөө топторунун жана милициянын ишин координациялап жаткан Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

 

Анын айтымында, аймакта атайын иликтөө тобу түзүлдү. Анын курамына бир катар күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кирди. Адистер өлкөгөТажикстандын куралдуу кол салуусунун хронологиясын түзүүдө.