Кыргызстанда 1-октябрдан тартып аскерлерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үстөктөрү жогорулайт

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып аскерлерге жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үстөктөрү жогорулайт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

 

Өлкө башчы администрациясынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта аскер кызматкерлерине жана укук коргоо органдарында кызмат өтөгөндөргө үстөк жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылат.