Ош, Жалал-Абад жана Раззаков шаарларына бардык каттамдар штаттык режимде аткарылууда

Ош, Жалал-Абад жана Раззаков шаарларына бардык каттамдар штаттык режимде аткарылууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти. Маалым болгондой, Бишкек-Раззаков-Бишкек багыты боюнча аба каттамдар жумасына 2 жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү, Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча жумасына 9 жолу, Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар күнүнө 5-6 жолу… Кененирээк…

Чоң-Алай жана Баткендеги чек ара тилкесинде абалды турукташтыруу уланууда

Чоң-Алай жана Баткендеги чек ара тилкесинде абалды турукташтыруу уланууда. Бирок кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат, —  деп билдиришти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматындагылар. Маалыматка ылайык, жетишилген макулдашуулардын алкагында мамлекеттик чек ара сызыгындагы кошумча күч туруктуу жайгашкан пункттарына чыгарылып жатат.

ТИМ чек арадагы окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп баалады

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын алдын ала пландалган куралдуу агрессиясы деп баалады. Тажик тарап Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду, — деп айтылат билдирүүдө. Мындан тышкары Кыргызстандын тышкы иштер мекемеси «тажик аскерлеринин өзүм билемдигин жана… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстан аза күтүүдө

Бүгүн Кыргызстан аза күтүүдө. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь өлкөдө Улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул күнү республиканын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында мамлекеттик туу түшүрүлөт. Маданият мекемелери жана телерадиокомпанияларда оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөр токтотулат. Саламаттык сактоо… Кененирээк…