Башкы прокуратура чек арадагы жаңжал боюнча кылмыш ишин козгоду

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы «кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 402-беренеси («Тынчтыкка каршы кылмыштар») менен кылмыш иши козголду» деп билдирди. Баткен облусунда мекемелер аралык тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштерин жүргүзөрү кабарланды.

 

Тергөө тобунун курамына Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Башкы прокуратуранын, Аскер прокуратурасынын, жергиликтүү бийликтен өкүлдөр кирген. Аталган топ куралдуу кол салуудан жабыркаган айылдарда ишин баштады. Учурда ок атышууда жабыркаган турак үйлөргө жана соода-сатык түйүндөрүнө, жалпы он беш обьектини карап, чыгымды аныктап жатышат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган айылдарда жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштери да жүргүзүлүп жатканы тууралуу жазылган.

Мындан тышкары, Кыргызстан менен Тажикстандын милиция кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул кызматтары коомдук тартипке күнү-түнү көзөмөл кылып жатканы маалымдалды.

Кыргызстандын расмий органдарынын маалыматты боюнча, чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 163 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланды.

Кыргызстанда бул окуяларга байланыштуу 19-сентябрда аза күтүү күнү жарыяланды.

Тышкы иштер министрлиги соңку окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. Бишкек Дүйшөмбүнү «Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду», — деп айыптады.

Анын алдында Тажикстандын ТИМи Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган. Тажик бийлиги 14-сентябрдан бери 30дай тажик жараны каза тапканын, алардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди. Буга чейин «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган.

Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.