Баткен облусуна 584 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, азык-түлүк жана биринчи кезекте зарыл боло турган каражаттарды министрликтин кызматкерлери дагы, катардагы жарандар дагы жеткирип жатат. Жалпысынан, өлкө аймагында гумжардам кабыл алуучу 188 түйүн ачылган.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда 136 миң адам эвакуацияланды.