Чек арадагы райондордо абал салыштырмалуу туруктуу

Чек арадагы райондордо абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев билдирди. Анын айтымында, учурда комиссия аймактагы чыгымдын көлөмүн тактоо иштерин улантууда.

 

Кооптуу болуп жаткан айылдарга эвакуацияланган жарандар кайтып келе элек. Ал эми Баткен шаарынын, Кызыл-Жол жана Бужум айылдарынын айрым тургундары үйлөрүнө кайтууда. Аймактагы мектеп, бала бакчалар азырынча иштей элек. Баткен шаарынын муниципалдык кызматтары өз ишине киришти.

 

Адистер айылдарда электр энергиясын калыбына келтирүүдө.