Бишкек – Ош жолунда кар көчкүгө каршы галереянын курулушу аяктап калды

Бишкек – Ош унаа жолунда кар көчкүгө каршы галереянын курулушу аяктап калды.

Кышкысын коопсуз өтүү үчүн коридордун узундугу 460 метр, туурасы 7 метр болот деп күтүлүүдө.

Объектти жыл аягына чейин пайдаланууга берүү пландалып жатат.

Жумуш аяктагандан кийин бир жылдын ичинде тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү ишке ашырылат.

Белгилеп кетсек, курулуш Япониянын гранттык долбоору тарабынан каржыланууда.