Бишкекте талаптарга жооп бербеген жарнамаларды алуу уланууда

Бишкекте талаптарга жооп бербеген жарнамаларды алуу уланууда.

Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Манас проспектине чейинки бөлүгүндө жарнамаларды алуу иштери жүргүзүлүп, 32 жарнамалык штендер, 37 жарнамалык пано, 43 жарнамалык баннер алынды.

Белгилеп кетсек, «КР мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын талаптарына жооп бербеген жана уруксатсыз орнотулган жарнамалар алынууда жатат.