Баткен облусунда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери уланууда

Баткен облусунда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери уланууда.

Улуттук энергохолдингдин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 500гө жакын үйдүн электр энергиясы өчүрүлгөн.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам 20дан ашык линия үзүлгөн.

Жалпысынан Баткен жана Лейлек райондорунда 39 калктуу конуш электр жарыгысыз калган.