Баткенде келтирилген зыянды 30дан ашык тергөө тобу тактап жатат

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салуудан жабыркаган, талкаланып-өрттөлгөн үйлөрдү, имараттарды 30дан ашык тергөө тобу тактап жатат.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, чыгымдарды эсептөө жана сапаттуу иликтөө жүргүзүүнү тиешелүү мамлекеттик мекеме-органдардын өкүлдөрү аткарууда.

Чек ара тилкелеринде милициянын атайын күндүзгү жана түнкү кайгуул топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат.

Эске салсак, кол салууда жалпы 622 үй жабыркаган болсо анын 427си жашоого жараксыз, 195и ондоп түзөөгө муктаж экени аныкталган.