Бишкекте ижарага батир табуу дээрлик мүмкүн болбой калды

Бишкекте ижарага батир табуу дээрлик мүмкүн болбой калды.

Ордо калаадагы кыймылсыз мүлк агенттиктеринин маалыматына караганда, учурда бош турак жай жок.

Риэлторлордун айтымында, бул россиялыктардын агымы менен байланыштуу.

Батир ээлери ижара баасын да кескин көтөрүштү.

Алсак, сентябрдын ортосунда Бишкекте бир бөлмөлүү батир айына 300 долларга ижарага берилсе, азыр 500 долларга жетти.

Ал эми эки бөлмөлүү батирлер бир ай мурунку 450 доллардын ордуна 600-700 доллар турат.

Бирок, суроо-талап сунуштан ашат.