Бишкекте №75 мектептин жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду

  Бишкекте №75 мектептин жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышы болду.   Аталган мектептин буга чейинки имараты 1960-жылы курулуп, авариялык абалга келгендиктен, анын ордуна жаңысын куруу чечими кабыл алынган.   Эми жаңы окуу имараты 3 кабаттан туруп, 550 окуучуга чакталат. Анда окуу класстарынан тышкары, эки кабаттуу музыка… Кененирээк…

Кыргызстанда жакынкы 5 жылда 500 бала бакча курулат

Кыргызстанда жакынкы 5 жылда 500 бала бакча курулат.   Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ордо калаада гана эмес, республиканын бардык аймактарында ачуу пландалууда.   Азыркы тапта түштүк аймактарда дагы бала бакча ачуу иштери жүрүп жатат – Баткен жана Ош облустарында… Кененирээк…

Чек арага жакын аймактардан аскер бөлүктөрүн жана оор аскердик техниканы алардын туруктуу жайгашкан жерине алып кетүү иштери жыйынтыкталды

Чек арага жакын аймактардан аскер бөлүктөрүн жана оор аскердик техниканы алардын туруктуу жайгашкан жерине алып кетүү иштери жыйынтыкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын начальниги Руслан Сооромбаев билдирди.   Анын айтымында, ушундай эле иш Тажикстан тарабынан дагы жүргүзүлдү. Техниканы алып… Кененирээк…

Ошто көп балалуу аялдар сыйланды

Ошто көп балалуу аялдар сыйланды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, президенттин жарлыгына ылайык, 14 энеге “Баатыр эне” ордени жана 12 аялга  “Эне даңкы” медалы тапшырылды.   Белгилеп кетсек, буга чейин Ош шаарында 900гө жакын “Баатыр эне” бар болчу. Бул наам 7 же андан көп баланы өстүрүп,… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы 4 чек ара түйүнүн жабуу жөнүндө протокол — убактылуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы 4 чек ара түйүнүн жабуу жөнүндө протокол убактылуу. УКМКдан билдиришкендей, ал чектеш аймакты делимитация жана демаркация процесси толугу менен аяктаганча күчүндө болот.   Атайын кызматтан белгилешкендей, учурда чек араны эки тараптын көчмө чек ара отряддары кайтарууда. Алар чек ара периметринин макулдашылган каттамдары… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында бүгүн электр энергиясы өчүрүлөт.   “Чүй электр тармактарынан” билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Малдыбаев, Чуйков, Исанов, Сыдыгалиев, Тыныбеков, Саадаев, Салиева, Юнусалиев, Элебесов, Күрөңкеев көчөлөрүндө жана Арча-Бешик, Ак-Босого, Алтын-Казык конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстан жана Россия футбол боюнча курамалары дагы бир достук беттешин өткөрөт

Кыргызстан жана Россия футбол боюнча курамалары дагы бир достук беттешин өткөрөт. Кыргыз футбол бирикмесинин президенти Медер Сыдыковдун айтымында, оюн Москвада 2023-жылы болот.   Эске салсак, Кыргызстан жана Россия футболчуларынын тарыхтагы алгачкы достук жолугушуусу 24-сентябрда Бишкекте өтүп, оюн коноктордун пайдасына 1:2 эсебинде аяктады.

Кыргызстанда бензин арзандады

Кыргызстанда бензин арзандады.   Монополдукка каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, 3-августтан бери АИ-92 үлгүсүнүн бир литринин баасы 2 сомго, АИ-95 1 сомго, дизель майы 20 тыйындан 1 сомго чейин арзандаса, суютулган газдын наркы 3 сомго төмөндөдү.   Белгилеп кетсек, ведомство Бишкекте жана облустарда… Кененирээк…

Баткенде тажик тараптын кол салуусунан талкаланган 618 үйдүн 453ү кайра курулат

Баткенде тажик тараптын кол салуусунан талкаланган 618 үйдүн 453ү кайра курулат. Медиа штабдан билдиришкендей, калган 165 үй капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.   Учурда чек арада талкаланган үйлөрдүн орду тазаланып, курулуш иштери башталды.   Эске салсак, президент Садыр Жапаров үйлөр жаңы жылга чейин салынып бүтүшү керек деген… Кененирээк…