Бишкекте VIP маршруттук таксилер пайда болот

Бишкекте VIP маршруттук таксилер пайда болот. Бул тууралуу Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Нусувалиев билдирди. Анын айтымында, учурда долбоор макулдашуу этабында жана жакын арада Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна сунушталат. Белгиленгендей, мындай коомдук унааларга төлөм болжол менен 40-50 сомду түзөт.

Сыртта жүргөн эмгек мигранттарын каттоо боюнча жаңы система түзүлүүдө

Сыртта жүргөн эмгек мигранттарын каттоо боюнча жаңы система түзүлүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди. Маалыматка ылайык, ал ачык система болот жана жакында ишке кирет. Ага айыл өкмөттөрү сыртка кетип жаткандар боюнча маалыматты киргизип турушат. Соңку расмий маалыматтар… Кененирээк…

Актилек Мусаева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалды

Актилек Мусаева Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Бишкекте эвакуацияланган жарандарды Баткенге жеткирүү үчүн пункт ачылды

Бишкекке эвакуацияланган жарандарды Баткенге жеткирүү иштери колго алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында кырдаал турукташкандыгына байланыштуу Бишкек шаарына эвакуацияланган жарандарды өз үйлөрүнө жеткирүү үчүн “Кааба уулу Кожомкул” атындагы спорт ордосунда атайын пункт ачылды.   «Учурда Бишкек… Кененирээк…

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу облус жетекчилигинин маалымат кызматынан билдиришти. Сулайманов жумушун тапшырып жатып кайрылуу жасаган.   Ал азыркыдай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракети текке кетерине көзү жеткенин жазды.   Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым… Кененирээк…

Бишкекте быйыл Кытай грантынын эсебинен 70 чакырым жол салынды

Бишкекте быйыл Кытай грантынын эсебинен 70 чакырым жол салынды. Транспорт департаментинин башчысы Максат Нусубалиев билдиргендей, долбоордун экинчи фазасы 30-октябрга чейин аяктайт. Кийинки жылы үчүнчү фаза башталып, анда шаарда беш айланма жол курулат.   Иштер марттан тарта башталат деп күтүлүүдө. Кытай грантынан тышкары мэриядан жыл сайын… Кененирээк…

Баткен облусунун эң алыскы айылы Зардалыга барчу жаңы жол курулат

Баткен облусунун эң алыскы айылы Зардалыга барчу жаңы жол курулат. Бул тууралуу Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Абдикарим Каламбеков билдирди. Анын айтымында, Сох – Кан – Зардалы жолун сел жууп кеткен.   Эми анын ордуна кеңейтилген жаңы трасса салынды. Анын жалпы узундугу 60 чакырымды түзөт. Андан… Кененирээк…

Кыргызстан бийлиги бала бакчаларда тамактануу үчүн ата-энелерден акча алуу ниетинде

Кыргызстан бийлиги бала бакчаларда тамактануу үчүн ата-энелерден акча алуу ниетинде. “Билим берүү жөнүндө” мыйзамында жазылгандай – бала бакча тарбиялануучуларынын тамактануусуна бюджеттин каржылоосу токтотулат.   Бүгүнкү күндө бөбөктөргө бакчада тамак берүү үчүн күнүнө 36 сом бөлүнөт, сумманын жарымы мамлекеттик казнадан алынат. Мыйзам кабыл алынса, бала бакчалардагы… Кененирээк…

Баткен облусунун Лейлек районунда милиция нөөмөт жүргүзүүсүн улантууда

Баткен облусунун Лейлек районунда милиция нөөмөт жүргүзүүсүн улантууда.   Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жеринде тартип сакчылар тарабынан укук бузууларды алдын алуу, жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана эвакуацияланган жарандардын үйлөрүнө кайтуу учурунда коопсуздугун камсыздоо боюнча иштеп жүргүзүлүүдө.   Өздүк курам тамак-аш жана башка… Кененирээк…

Apple кийинки жылы уникалдуу жаңы смартфон чыгарат

Apple кийинки жылы уникалдуу жаңы смартфон чыгарат. Ал азыркы учурдагы флагмандык iPhone Pro Max телефондорун алмаштырып, iPhone 15 Ultra аталышын алат.   Bloomberg маалыматы боюнча, буга чейинки смартфондордон айырмаланып ал жаңы өзгөчө дизайнга ээ болот.