Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулат

Ош шаарында жаңы санитардык полигон курулат.

Бул тууралуу жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын пландалган аянты 24 гектарды түзөт.

Жумуш Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.

Ал эми азыр иштеп жаткан полигон европалык стандартка рекультивацияланат жана андан кийин ал жабылат.