Соңку бир жумада Кыргызстанда Россиянын 4 миң 260тай жараны каттоодон өттү.
Novosti.kgге Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаментинен такташкандай, былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде Россиянын 3 миң 140тан ашык жараны каттоого алынган.
Ал эми 2022-жылдын сегиз айында Кыргызстанда Россиянын 170 миңдей жараны катталган.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 30 миңге көп.
Эреже боюнча, Кыргызстанга келген россиялыктар 30 жумушчу күнү аралыгында каттоосуз жүрө алышат.