Канада 1-октябрдан тарта ковид чектөөлөрүн алып салат

Канада 1-октябрдан тарта өлкөгө кирүүгө байланыштуу коронавирустук чектөөлөрдү алып салат.

Ага ылайык, туристтер тест тапшырбайт, карантинге жана изоляцияга алынбайт.

Поезддерде жана учактарда беткап режими да жокко чыгарылат.

Учурда Канадага кирүү толук же жарым-жартылай эмделгендер үчүн жеткиликтүү.