Баткенден Бишкекке эвакуацияланган жарандардын бардыгы үйлөрүнө кайтты

Баткенден Бишкекке эвакуацияланган жарандардын бардыгы үйлөрүнө кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Ордо калаадан 39 кичи автобус менен 827 адам министрликтин 10 аскер кызматкеринин коштоосу менен Баткенге жол тартты. Жалпысынан 3 күн аралыгында Бишкектен 75 кичи автобус менен 1 миң 645 жаран Баткендеги туруктуу үйлөрүнө кайтты.

 

Белгилеп кетсек, жалпысынан кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал учурунда 140 миңге чукул адам үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон. Бишкекке 7 миңден ашык баткендик эвакуацияланган.