Кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт

Кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт. Буга Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев ишендирүүдө. Анын айтымында, учурга карата Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13,6 миллиард кубометрге жетти.

 

Бул кыш мезгилине жетиштүү. Бирок кышкысын керектөө көрсөткүчү кескин өскөндүктөн, өлкө электр энергиясын коңшу мамлекеттерден импорттоого аргасыз, — деди чиновник.