Бишкекте Садыбакасов көчөсүнүн тилкеси кыймылга ачылды

Бишкекте Садыбакасов көчөсүнүн тилкеси кыймылга ачылды. Мэрия маалыматына ылайык, анын Абдрахмановдон Эр-Тайлак көчөсүнө чейинки тилкесинде жол катмары жаңыртылып, тротуарлар курулду.

 

Муниципалитеттен белгилешкендей,  калыбына келтирүү жумуштары аяктаганына карабай, иштерди өткөрүп берүү – кабыл алуу акты кабыл алына элек. Ага мамлекеттик стандартка туура келгендиги текшерилгенден кийин кол коюлат.