Кыштын камын азыртан көрүү сунушталат

Кыштын камын азыртан көрүү сунушталат. Мэрия көмүр сатуу түйүндөрүнүн даректерин жарыялады.

 

Биринчи май районунда 3 түйүн бар, алар Ак-Босого, Мурас-Ордо конуштарында жана Дэн-Сяопин, 531 дарегинде. Свердлов районунун тургундары кара отунду Достоевский көчөсүндө, Дордой-2, Келечек конуштарында таба алат.

 

Ленин районундагы түйүндөр Мурманская, Алыкулов, Гагарин көчөлөрүндө жайгашса, Октябрь районунда Достоевский, Октябрь, Анкара көчөлөрү жана Төкөлдөш районунда орун алат. Көмүрдүн бир тоннасынын баасы 4 миңден  5 миң сомго чейин жетет.