250дөн ашык киши чакырылбайт. Бишкек шаардык кеңеши той-аштарга талаптарды бекитти. Жобого ылайык, үйлөнүү үлпөт жана башка жакшылык тойлорго коноктордун саны чектелип, 1 эле бодо мал союлушу керек.
Ал эми маркумду жерге берүү, куран окутуу иш-чаралары 3 күндөн ашпайт жана мал союлбайт. Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге той-аштарды шаан-шөөкөтү жок, тууган-жакындар менен гана өткөрүү сунушталды.