Ала-Букада айыл чарба продукциясы үчүн логистикалык борбор ачылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда айыл чарба продукциясын экспорттоочулар үчүн жаңы логистикалык борбор ачылды.

Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Жаңы логистикалык борбор фермерлерге жана соодагерлерге продукциянын сактоо мөөнөтүн узартуу менен кирешелерин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Бул аймакта негизги суроо-талап алма жана кара өрүктү өстүрүү жана сактоого туура келет.

Товар негизинен Өзбекстанга экспорттолот.