Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстанда өтөт.
Бул тууралуу Түркиянын жаштар жана спорт министри Мехмет Касапоглу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде билдирди.
Түркиянын Изник шаарында өткөн быйылкы оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрда жыйынтыкталды.
Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышты. Кыргызстандан 148 спортчу, спорттун 11 түрү боюнча күч сынашты.
Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.