Бүгүн Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери башталат

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, жумуштар бүгүнтөн тарта 7-октябрга чейин аткарылат.

Андан улам, трасса эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин маал-маалы менен жабылып турат.

Белгилеп кетсек, жолдо 30-40 унаа чогулса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, машинелер өткөрүлөт.