Жалал-Абад шаарында жаңы муниципалдык базар ачылды.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, анын аянты 3,5 гектар жерди ээлеп, бардык шарттар түзүлгөн.
Муниципалдык базарда 1 миңге чукул соода жайлары, атайын унаа токтотуучу жайы бар.
Курулушка жергиликтүү бюджеттен 25 миллион сом бөлүнгөн.
Бул базардын ачылышы менен жергиликтүү бюджетке киреше көбөйөт деп күтүлүүдө.