Ош шаарынын күнү быйыл жылдагыдай шаан-шөкөт менен белгиленбейт

Ош шаарынын күнү быйыл жылдагыдай шаан-шөкөт менен белгиленбейт.

Novosti.kgге жергиликтүү мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков билдиргендей, мунун себеби Баткендеги соңку окуяларга байланыштуу.

Ал кошумчалагандай, майрамга карата ырчылар арасында гана чакан сынак уюштурулат.

Эске салсак, түштү калаага 5-октябрда 3022 жыл толот.