Үйүн же батирин ижарага бергендер салык төлөөгө милдеттүү

Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, үйүн же батирин ижарага бергендер салык төлөөгө милдеттүү.

Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өзү тандайт.

Алсак, салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын же жалпы салык режиминин негизинде төлөсө болот.

Салык төлөбөгөнү аныкталган учурда тиешелүү чара көрүлөт, — деп айтылат маалыматта.

Соңку кездери Кыргызстанга Россияддан келген жарандар көбөйгөндүктөн айрыкча Бишкекте батирдин, үйдүн ижара акысы кымбаттап кетти.