Кыргызстандык альпинисттер Манаслу чокусун багындырышты

Кыргызстандык альпинисттердин тобу Гималайдагы бийиктиги 8 миң 163 метр болгон Манаслу чокусун багындырышты.

Альпинисттер тоого кыргыз желеги менен үч килограммдык «Манас» эпосун алып чыгышты.

Буга чейин Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Непал бийлиги альпинисттердин Манаслуга чыгуу демилгесин жактырганын билдирген.

Андан кийин курамында жети адамдан турган топ Гималайдагы Манаслу чокусуна 7-сентябрда сапар тартышкан.

Белгилеп кетсек, буга чейин кыргызстандыктар Гималайга экспедиция жасаган эмес.