Бишкектин №20 мектеп-гимназиясынын кошумча корпусу колдонууга берилди

Бишкектин №20 мектеп-гимназиясынын кошумча корпусу колдонууга берилди. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, 3 кабаттуу имарат 500 орунга чакталган.   Корпуста окуу үчүн бардык шарттар каралган, окуу класстарынан тышкары спорт зал, футбол талаасы жана воркаут аянтча бар.   Акылбек жапаровдун айтымында, корпустун курулушуна 300 миллион сомдон ашык… Кененирээк…

Кыргызстанда бизнес өкүлдөрү кирешенин  2 пайызын бюджетке которуу чечимине каршы чыкты

Кыргызстанда бизнес өкүлдөрү кирешенин  2 пайызын бюджетке которуу чечимине каршы чыкты.   Каржы министрлигинин сунушун Агро-өнөр-жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы сындады, — деп билдирет Регнум.   Жергиликтүү ишкерлердин маалыматына ылайык, пландалбаган чыгашалар компаниянын өндүрүштү өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө таасир тийгизип, даяр продукциянын баасын жогорулатууга алып келет. Буга байланыштуу,… Кененирээк…

Кыргызстандыктар 10-октябрдан тарта жогорулатылган пенсия ала баштайт

Кыргызстандыктар 10-октябрдан тарта жогорулатылган пенсия ала баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-сентябрдагы токтомго ылайык, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулады. Алсак, базалык бөлүк 1 миң 780 сом болсо, 1-октябрдан баштап 3 миң 170 сомго көтөрүлдү. Мындан сырткары, камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга жогорулады.

Кыргызстандын футбол боюнча командасы ФИФАдагы позициясын сактап калды

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы ФИФАнын рейтингинде 95-орунда турат. Жаңыланган тизме Эл аралык федерациянын сайтында жарыяланды. Команда өз позициясын сактап калды. Жалпысынан рейтингде 211 команда бар. Алдыңкы үчтүктө Бразилия, Бельгия жана Аргентина кирет. Төмөндө Франция, Англия жана Италия жайгашат.

“Достук” өткөрмө бекетинде чектөө киргизилди

“Достук” өткөрмө бекетинде Кыргызстандан Өзбекстанга жарандардын чыгуусуна чектөө киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган бекетте капиталдык курулуштун аяктаганына байланыштуу Кыргызстандан чыгуу үчүн төрт паспорттук көзөмөл кабинасы иштеп жатат. Бекет бүгүн кечке чейин чектелген режимде иштейт. Буга байланыштуу адамдардын жана унаалардын… Кененирээк…

Катар келе жаткан дүйнөлүк чемпионат үчүн курулган жаңы стадионду көрсөттү

Катар келе жаткан дүйнөлүк чемпионат үчүн курулган жаңы стадионду көрсөттү. Комплекс Аль-Байт деп аталып, формасы боюнча Катардын көчмөн элдеринин салттуу чатырларына окшош. Анын трибунасына 60 миңге чейин күйөрман батат. Айрымдар үчүн өзүнчө люкс номерлер курулган. Бул стадиондо чемпионаттын биринчи оюну өтөт, ал 20-ноябрга белгиленген. Оюнга… Кененирээк…

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли калктын 25,5 пайызын түзөт

Дүйнөлүк банк жыл аягына чейин Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,5 пайызга чейин өсөт деп болжолдоодо. Мындай божомол аталган банктын октябрдагы отчетунда айтылат. Дүйнөлүк банк азык-түлүктүн кымбаттыгы жана жумушсуздук жакырчылыкка таасирин тийгизген жана курчутуучу эң чоң көйгөй бойдон кала берээрин белгиледи. Өкмөттүн чаралары, мисалы, пенсияларды жогорулатуу жана… Кененирээк…

Баткенде эвакуациялангандардын дээрлик баары үйлөрүнө кайтып барды

Баткенде эвакуациялангандардын дээрлик баары үйлөрүнө кайтып барды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер которгон 136 миң 770 жарандын 128 миң 522си туруктуу жашаган жерине кайтты. Баткен облусуна жалпысынан 1 миң 636 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Анын ичинен 332 тоннаны ӨКМ алып келсе, 1 миң 134 тонна… Кененирээк…

ИИМ Россиянын аймагына кирүүдө жаңы мыйзамдар күчүнө киргендигин эскертет

Ички иштер министрлиги Россияга ишке орношуу максатында бара жаткан мекендештерге чек арадан кирүү эрежелерин эскертет. Министрлик Россиянын 2021 жылдын 1-июлундагы №274-ФЗ «Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү» жана «Россиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү» мыйзамдары күчүнө киргендигин маалымдайт. Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү: —… Кененирээк…

Баткенге жардам катары 320 миллион сомдон ашык чогулду

Баткенге жардам катары 320 миллион сомдон ашык чогулду. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 1 миллион 400 миң сомдук алгачкы чыгашалар жасалды. Каражат үйлөрү күйүп кеткен жарандарга бир жолку компенсация түрүндө багытталды. Ведомстводон белгилешкендей, эсептеги каражаттар инфраструктураны калыбына келтирүүгө да жумшалат.