Кыргызстандыктар 10-октябрдан тарта жогорулатылган пенсия ала баштайт.
Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9-сентябрдагы токтомго ылайык, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулады.
Алсак, базалык бөлүк 1 миң 780 сом болсо, 1-октябрдан баштап 3 миң 170 сомго көтөрүлдү.
Мындан сырткары, камсыздандыруу бөлүгү 15 пайызга жогорулады.