Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли калктын 25,5 пайызын түзөт

Дүйнөлүк банк жыл аягына чейин Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,5 пайызга чейин өсөт деп болжолдоодо.

Мындай божомол аталган банктын октябрдагы отчетунда айтылат.

Дүйнөлүк банк азык-түлүктүн кымбаттыгы жана жумушсуздук жакырчылыкка таасирин тийгизген жана курчутуучу эң чоң көйгөй бойдон кала берээрин белгиледи.

Өкмөттүн чаралары, мисалы, пенсияларды жогорулатуу жана жакырлар үчүн социалдык камсыздандыруу тармагын кеңейтүү жогорку инфляциянын терс таасирин азайтууга жардам берет, — деп белгиленди маалыматта.