Баткенде эвакуациялангандардын дээрлик баары үйлөрүнө кайтып барды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер которгон 136 миң 770 жарандын 128 миң 522си туруктуу жашаган жерине кайтты.
Баткен облусуна жалпысынан 1 миң 636 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.
Анын ичинен 332 тоннаны ӨКМ алып келсе, 1 миң 134 тонна гумжардамды жарандар өз күчү менен жеткирген.