Катар келе жаткан дүйнөлүк чемпионат үчүн курулган жаңы стадионду көрсөттү

Катар келе жаткан дүйнөлүк чемпионат үчүн курулган жаңы стадионду көрсөттү.

Комплекс Аль-Байт деп аталып, формасы боюнча Катардын көчмөн элдеринин салттуу чатырларына окшош.

Анын трибунасына 60 миңге чейин күйөрман батат.

Айрымдар үчүн өзүнчө люкс номерлер курулган.

Бул стадиондо чемпионаттын биринчи оюну өтөт, ал 20-ноябрга белгиленген.

Оюнга Катар менен Эквадордун командалары чыгат.