Баткенге жардам катары 320 миллион сомдон ашык чогулду.
Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 1 миллион 400 миң сомдук алгачкы чыгашалар жасалды.
Каражат үйлөрү күйүп кеткен жарандарга бир жолку компенсация түрүндө багытталды.
Ведомстводон белгилешкендей, эсептеги каражаттар инфраструктураны калыбына келтирүүгө да жумшалат.