Келишим боюнча кызмат өтөө мөөнөтүн 10 жылга узартуу демилгеленди

Коргоо министрлиги аскердик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү үчүн Куралдуу күчтөрдө контракттык кызмат өтөө мөөнөтүн беш жылдан он жылга чейин узартуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Бул аскердик жогорку окуу жайларын бүтүргөн офицерлердин сыртка чыгып кетишин токтотот деп белгилейт ведомство. Коргоо министрлиги азыр келишим беш жылга… Кененирээк…

Токаев президенттикке «Элдик коалициядан» катышат

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого “Элдик коалициянын” атынан катышат. Бул коалиция үч коомдук уюм жана үч саясий партиядан куралганы кечээ, 6-октябрда белгилүү болду. Токаев бейшембиде “элдик коалициянын” жыйынында сүйлөп жатып, ага «көрсөтүлгөн ишенимге» ыраазычылык билдирип, «шайлоо таза жана акыйкат өтөрүн»айтты. Белгилеп кетсек,… Кененирээк…

Баткендиктер атайын эсептен 1,4 млн сом компенсация алышты

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуядан жабыркаган Баткен облусунун тургундары үчүн ачылган атайын эсептен 1 миллион 400 миң сомдук алгачкы чыгашалар жасалды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Каражат үйлөрү күйүп кеткен жарандарга бир жолку компенсация түрүндө багытталды. Ведомстводон белгилешкендей, эсептеги каражаттар инфраструктураны калыбына келтирүүгө да жумшалат.… Кененирээк…

Парламент министрлик кызматка талапкерлерди колдоду

Жогорку Кеңеш төрт министрликке сунушталган талапкерлерди дайындоо боюнча токтом долбоорун жактырды. Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министринин, Алтынбек Максутов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин, Уланбек Мамбетакунов — билим берүү жана илим министринин, Таалайбек Ибраев — энергетика министринин кызматына талапкерлер. Аларды депутаттарга… Кененирээк…

Президент Жапаров Орусиядагы КМШнын бейрасмий жыйынына барбайт

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Санкт-Петербургдагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин лидерлеринин бейрасмий жыйынына барбайт. Бул маалыматты тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев «Азаттыкка» ырастады. Бейрасмий жыйында Россия менен Тажикстандын президенттеринин 70 жылдык мааракеси белгиленип, аймактагы туруктуулук, коопсуздук маселелери талкууланары пландалганын орус маалымат каражаттары… Кененирээк…

Кыргызстандык педагог Астанадагы эл аралык фестивалда биринчиликти алды

Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызы Астана шаарында өтүп жаткан II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалында 1-орунга ээ болду. Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, ал Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын экинчи этабына… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 6-октябрда саат 15:08де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен. Жер титирөө Ак-Суу районунун Каракол айылында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Баткенде чек ара жаңжалында шейит кеткен жоокерлердин аллеясы пайда болот

Баткенде чек ара жаңжалында шейит кеткен жоокерлердин аллеясы пайда болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Ал белгилегендей, президенттин жарлыгынын негизинде мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Анын алкагында, баатырларга наам, сыйлык каралат. План боюнча курман болгон жоокерлердин аллеясы пайда болот.… Кененирээк…

Ошто муниципалдык ипотекалык ишкана 9 кабаттуу үйдүн курулушун баштады

Ошто муниципалдык ипотекалык ишкана 9 кабаттуу үйдүн курулушун баштады. Жергиликтүү мэриянын маалыматына ылайык, жаңы турак жайга капсула салынды. Долбоордун алкагында батирлер толугу менен бүткөрүлүп, башкача айтканда үйдүн ички ремонту, тиешелүү тутумдарга кошуу иштери толугу менен аткарылат. 106 батирлүү үй 2024-жылдын апрель айында пайдаланууга берилет деп… Кененирээк…

Кыргызстан менен Азербайжан ортосунда түз аба каттамы ачылат

Кыргызстан менен Азербайжан ортосунда түз аба каттамы ачылат. Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргызстан менен Азербайжан өкмөттөрүнүн ортосунда аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо» тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаровдун айтымында, эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий… Кененирээк…