Баткендиктер атайын эсептен 1,4 млн сом компенсация алышты

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуядан жабыркаган Баткен облусунун тургундары үчүн ачылган атайын эсептен 1 миллион 400 миң сомдук алгачкы чыгашалар жасалды.

Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Каражат үйлөрү күйүп кеткен жарандарга бир жолку компенсация түрүндө багытталды.

Ведомстводон белгилешкендей, эсептеги каражаттар инфраструктураны калыбына келтирүүгө да жумшалат.

Белгилеп кетсек, жалпысынан атайын эсепке 320 миллион сомдон ашык чогулду.