Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого “Элдик коалициянын” атынан катышат.
Бул коалиция үч коомдук уюм жана үч саясий партиядан куралганы кечээ, 6-октябрда белгилүү болду.
Токаев бейшембиде “элдик коалициянын” жыйынында сүйлөп жатып, ага «көрсөтүлгөн ишенимге» ыраазычылык билдирип, «шайлоо таза жана акыйкат өтөрүн»айтты.
Белгилеп кетсек, Казакстанда президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт.